Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга, ошондой эле экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого жана массалык жок кылуу курал-жарактарын жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында маалымат алмашуу зарыл.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жана Финансылык чалгын мамлекеттик кызматынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча кеңешмеде билдирди. Өз ара маалымат алмашуу «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткарууга багытталган.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Вице-премьер-министр колдонуудагы мыйзамдарды эске алуу менен зарыл маалыматтарды Финансылык чалгын мамлекеттик кызматына берүүнү шарттаган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин атайын модулун түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.