Кыргызстан накталай эмес төлөм жолуна өтүүгө умтулууда. Онлайн жана карта түрундө төлөм ыңгайлуу жана пайдалуу болгонуна карабастан, азыркы убакта жарандар нак төлөмгө көбүрөөк ишеним артат.
Францияда акча каражатынын 90 пайыздан ашык бөлүгү накталай эмес айланууда. Ал эми адамдардын 70 пайыздан көбү банктык карталарды колдонушат. Кытайда акыркы эки жылдан бери негизги төлөм - QR-купуя белгиси менен эсептелет.
Кыргызстан да бул жолго түшүүгө аракет кылууда. Бул максатта 2018-2022-жылдарга нак эмес төлөмдү көбөйтүү максатында атайын мамлекеттик программаны кабыл алышкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда финансылык сабаттуулуктун деңгээли төмөн. Улуттук банк абалды жөнгө салуу үчүн аймактарда каржылык сабаттуулукту жакшыртуу аракеттерин көрүүдө.