Башкы прокуратура коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 17 млн 182 миң 970 сом которду. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди. Натыйжада, Башкы көзөмөлдөөчү орган тарабынан аталган эсепке жалпы 536 млн 445 миң 462 сом которулган.
Эске салсак, депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Каржы министрлигинин карамагында түзүлгөн. Ага ылайык, Башкы прокуратурага, Каржы полициясына, УКМКга, ИИМге жемкорлордон түшкөн каражатты атайын эсепке которуу милдети жүктөлгөн.