Жаңылыктар
Санариптеширүүнүн негизги компоненттеринин бири - интернет менен камсыз кылуу
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптеширүүнүн негизги компоненттеринин бири - интернет менен камсыз кылуу

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы жарыяланып, бул багытта жигердүү иштердин башталганына 9 айдын жүзү болуп калды. Санариптештирүүгө арналып жыл жарыялангандан сырткары азыркы учурда 2019-23-жылдарга карата кабыл алынган “Санарип Кыргызстан” концепциясы иштеп жатат. Дал ушул заманбап санарип технологияларын ишке киргизүү менен элдин күнүмдүк жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келүү- мамлекетти өнүктүрүү саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары кабыл алынган.

Өзгөрүү эмнелерден турат? Калкты тейлөө борборлорун алалы, бир паспорт алуу үчүн мурдагыдай түрлүү маалымкаттарды чогултуунун кереги жок. Тейлөө борборго келесиң, маалымат базадан жашаган дарегин чыктыбы, андан ары сүрөткө түшүп акчаңды төлөйсүң, белгиленген мөөнөттө документиң даяр. Сага тиешелүү болгон калган маалыматтарды мамлекеттик органдар электрондук түрдө эле бири бири менен байланышып ала алышат. Же жакындан тарта эле Мамлекеттик салык кызматы электрондук түрдө салык төлөө тутумун ишке киргизди. Ага ылайык тиешелүү маалыматтарды интернет аркылуу толтуруп, акчаңды дагы электрондук эсеп аркылуу которуп койсоң болот. Бирок, буга интернетке кошулган уюлдук телефонуң, башкача айтканда смартфон болушу керек.

Санариптештирүүнүн алкагында мына ушундай электрондук ыкмалар мамлекеттик кызмат көрсөтүү багытындагы бардык тармактарга киргизилмекчи. Билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарына артыкчылыктуу тартипте, ага катар балага сүйүнчү, жөлөк пул, пенсия сыяктуу социалдык кызматтарга киргизилүүдө. Санариптик технологиялар аркылуу ишкер чөйрөгө шарт түзүп берүү негизги максат катары турат. Чет мамлекеттер менен байланыш түзүп, товар экспорттоо, аларды сатуу үчүн базарлардын аймагын кеңейтүү- иштери да азыркы глобалдашуу заманында санарип технологияларга байланууда.

Мейли мамлекеттик кызматтарды, мейли жеке жактарды болбосун. Акыркы бир жыл ичинде “Кыргызтелеком” ишканасы 1,5 мңден ашык объектти интернетке туташтырды. Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында мектеп, медициналык жайлар жана айыл өкмөттөрүнүн кеңселерин интернет менен камсыз кылуу каралган. Жалпы өлкө боюнча үч жарым миң чакырымдан ашык була-оптикалык чубалгылары тартылды.