Кыргызстанда калкты түйшөлткөн негизги көйгөйлөрдүн бири - турак жай маселеси. Тактап айтсак, миңдеген жарандар, анын ичинен жаштардын басымдуу бөлүгү турак жайга муктаж. Бул маселе айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында курч турат. Батирден батирге көчүп, же жакындарынын, туугандарынын үйүндө баш калкалап жүргөндөрү канча. Андыктан калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу маселеси өлкөдө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп келген.
Калктын турак жай маселесин чечүү максатында буга чейин Мамлекеттик ипотеалык компаниясы түзүлүп, мекеме азыркы учурда толук кандуу иш алып барып жатат десек болот. Компания алгач мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык негизде турак жай сатып алууга шарт түзгөн, пайыздык чен башында 9дан 14 пайызга чейин болчу. Азыркы учурда 7-8 пайыздан берилип, эми мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматынан бир гана мамлекеттик кызматкерлер эмес, бардык жарандар пайдалана алат. Арзан турак жай жаңы программасынын алкагында алар үчүн пайыздык чен жылына 14 пайыздан 15 жылга берилип жатат. Баштапкы салым 20 пайызды түзөт.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги тууралуу ушул аптада анын жетекчиси Элмира Абжапарова президентке маалымат берип, ал жакынкы убакта ипотекалык насыяны 6 пайыз менен берүү пландаштырылып жатканын маалымдады. Айтымында, МИК бюджеттик финансылык көз карандысыздыктан акырындык менен чыгуу үчүн донордук каражаттарды тартуу активдүү колго алынып жатканын белгиледи. Жакынкы убакта «KFW» немец банкынын гранттык каражаттары иштетиле баштамакчы. Бүгүнкү күндө болсо МИК 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден ашуун ипотекалык насыяларды берди.