Кышка даярдыкты жазда башта демекчи, алдыдагы кышкы маалга карата камылга Кыргызстанда толук кандуу жүрүүдө. Сууктун күндөрүндө орун алчу негизги көйгөй- электр жарыгынын өчүрүлүшү. Быйыл дагы калкты жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жер жерлерде көмөк чордондор оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, учурда 145 чакырымдан ашык электр өткөрүүчү линияларда ремонт иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары социалдык мекемелер- мектеп, бала бакча, ооруканаларга көмүр түшүрүп, кем карчын толуктоо жумуштары жүрүп жатат.
Күздүн кириши менен өлкө боюнча суук мезгилге карата камылга аягына чыгайын деп калды. Ушул тапта кышты утурлай аткарылып бүткөн жана жасалып жаткан иштер да бар. Учурда Жалал-Абад калаасында 6 көп кабаттуу үйдү борборлоштурулган жылуулук системасына кошуу жумушу жасалууда. Союз тараган соң бул тармак суу түтүкчөлөрү менен отканасын эптей албай, көп турак-жай электр энергиясына кошулган. Көп жылдан кийин ушул кышта 200дөй үйдүн батареясы жылуулук бере баштайт. Базаркан Исмаилова кышкысын эки бөлмөлүү батирин электр энергия жылытууга туура келчү. Ал эски системанын жаңыланганын көрүп, үйүндөгү жылытуу тутумунун түтүктөрүн жаңыртып алган.