Жаңылыктар
Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрөөрү күтүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 15-16-сентябрда республиканын көпчүлүгүк бөлүгүндө маал-маалы менен жаан жайт, тоолуу райондордо кар түшөт. Өлкө боюнча аба кескин муздайт.

17-сентябрдын түнүндө Ысык-Көл жана Нарын облусунда суук -2 градуска чейин түшөт. Мындай аба ырайы айыл чарба жумуштарын оорлотуп, мал чарбачылыгына , автотранспорттун жүрүшүнө терс таасирин тийгизип, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтын ишин кыйындатат.