POST1RIGHT
Кыргызстанда ички миграциянын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,4 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Маалыматка ылайык, мурдагыдай эле жарандардын Чүй облусу менен Бишкек шаарына болгон агымы арбын бойдон калууда. 2018-жылы ички мигранттардын 64,4 пайызы Бишкекке, 35,6 пайызы Чүйгө келген. Ал эми жергиликтүү тургундардын кетиши боюнча алдыңкы орунда Нарын облусу турат.
Статистика комитетинин маалыматына ылайык, бир миң нарындыктын тогузу кичи мекенин таштап кеткен. Ички миграциянын негизги себеби — региондордо жумуш орундардын жоктугу, - деп белгиленет. Жер которгондордун басымдуу бөлүгү 20-34 жаштагы жарандар.