Жаңылыктар
Эл каттоо электрондук форматта өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Эл каттоо электрондук форматта өтөт

2020-жылы эл жана турак жайды каттоо электрондук форматта өтөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет кабарлады. Атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгып, ал бир катар аймактарда сыноодон өткөрүлгөн. Бул иш өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жасалды.



Кыргызстан эгемендик алгандан бери жалпы өлкө боюнча эл каттоо 1999 жана 2009-жылы өткөрүлгөн. Кийинки өнөктүк өлкөнү санариптештирүү иши жүрүп жаткан учурга дал келүүдө. 23-марттан 1-апрелге чейин улана турган иш-чарада мобилдик тиркеме пайдаланылып, каттоо электрондук форматта жүргүзүлөт.

Мобилдик тиркеме үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууда Мамлекеттик каттоо кызматы көмөк көрсөткөн. Мекеменин мейкиндик маалымат системасы учурда жаңы түзүлгөн Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында иш алып барууда.

Келээрки жылы турак жай фондун жана элди каттоо ишине Улуттук статистика комитетинен, тиешелүү мекемелерден жана жер-жерлерден 24 миңдей адис катышаары күтүлүүдө.