Мамлекеттик кадр кызматы санариптештирүү жумуштарын өлкө боюнча жайылтууда. Бул түзүм “Инфоком” ишканасы менен биргеликте адам ресурстарын башкаруунун бирдиктүү автоматташтырылган “Е-кызмат” системасын иштеп чыгып, ага мамлекеттик органдар кошулууда. Мындай тутум, маалыматтарды тез иштеп чыгуу, кызматчынын, бөлүмдүн, мамлекеттик органдын планын аткарууну көзөмөлдөө, кызматкерлердин эмгегин аткарылган иштерге ылайык жана калыс баалоого багытталган.
Киргизилген бирдиктүү тутумдун жардамы менен кадр кызматынын жүгү бир топ жеңилдеген. Мисалга алсак, эми бардык маалыматты кагазга түшүрүүнүн кереги жок, же болбосо мамлекеттик кызматты аркалайм, башка орунга которулам деген жаран үчүн бир жолу электрондук каттоого туруу зарыл.
Бул системаны иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 млн. сом бөлүнгөн. “Е-Kyzmat" тутумуна 2019-жылдын январь айында 44 мамлекеттик орган, анын ичинде 2 айыл өкмөт кошулган, 8 миң 960 мамлекеттик кызматкердин маалыматы санариптештирилген. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү базасында артыкчылыктар каралган.
Жаңы системанын жардамы менен тааныш-билиш аркылуу кызматка орношуу, жана башка терс көрүнүштөргө бөгөт коюлушу күтүлүүдө. Бул жылы республика боюнча бардык аймактык түзүмдөрдү автоматташтырылган системага кошуу пландалууда.