Турак жай үчүн жаңы бериле турган ипотекалык насыянын үстөк ченин 6 пайызга чейин азайтуу керек. Мындай тапшырманы Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык компаниясы башкармалыгынын төрайымы Эльмира Абдыжапарованы кабыл алганда койду.
Жолугушууда жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты жана мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоо тутумун жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.
“Жеткиликтүү турак жай” программасы жакындан бери иштей баштады. Программанын жакшы жагы жеке эле бюджеттик мекемеде гана эмес жеке компанияда иштегендер турак жайлуу боло алышат. Бул долбоор аркылуу жылдык үстөк пайыздык чен сом менен 14%дан 15 жылга берилет. Баштапкы төгүм 20%ды түзөт.
Бул Мамлекеттик ипотекалык компания сунуштаган бир гана программа. жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын келечеги Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык компаниясы башкармалыгынын төрайымы Эльмира Абдыжапарованы кабыл алганда талкууланды. Президент Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алдында өлкө жарандарынын төлөө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен ипотекалык насыялоонун жеткиликтүүлүгүн арттыруу боюнча милдет турганын эске салды.
Учурда мамлекеттик ипотекалык компания сыртттан донорлук каражаттардын тартуу багытында жигердүү иштерди баштады. Бул максатта эл аралык каржы институттары менен активдүү иштер жүргүзүлүп, жакынкы убакта «KFW» »(кей-эф-дабл-ю) немец банкы 34 миллиона евро гранттык каражаттарды бөлүп берүүдө.