Жаңылыктар
Кара-Кече кенинде 550 миң тонна көмүр казуу пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кече кенинде 550 миң тонна көмүр казуу пландалууда

Быйыл Кара-Кече кенинде 550 миң тонна көмүр казуу пландалууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев кыш мезгилине карата даярдыкка арналган көчмө жыйында билдирди. 

Айтымында, былтыр “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасында 460 миң тонна кара алтын өндүрүлгөн. Азыркы күнгө карата кенде 100 миң тонна көмүр өндүрүлүп, анын төрттөн бир бөлүгү Бишкектин Жылуулук берүү борборуна жөнөтүлдү. 

Белгилей кетсек, Кара-Кече кенинде жалпысынан 21 көмүр казуу ишканасы бар. “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасы алардын эң ириси болуп саналат.

"Быйыл 550 миң тонна көмүр чыгарууну пландап жатабыз. Бишкектин Жылуулук берүү борборуна 680 тонна көмүр керектелет. Планга ылайык иштер жүрүп жатат",- деди Өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мырза Жаманбаев.