Жаңылыктар
Кыргыз - Жапон кызматташтыгы артууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - Жапон кызматташтыгы артууда

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Япониянын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамураны Кыргызстандагыдипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. 

Төрага элчиге кыргыз-жапон кызматташтыгынын өнүгүшүнө жана эки элдин достук мамилесинин чыңдалышына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жумабеков Кыргызстан Жапония менен ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп, акыркы жылдары экономикалык багыттагы байланыштарда жигердүүлүк байкалганын кошумчалады. Өз кезегинде элчи жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына ыраазычылык билдирип, мындан ары да эки өлкөнүн байланыштары өнүгө берерине үмүр артарын кошумчалады. 

Жолугушуунун соңунда Дастанбек Жумабеков Ёсихиро Ямамурага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырып, ишине ийгиликтерди каалады.