Жаңылыктар
"Чыгыш" магистралдык жылуулук тармагы курулууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Чыгыш" магистралдык жылуулук тармагы курулууда

“Бишкекжылуулуктармактары” үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда башталган “Чыгыш“ магистралдык жылуулук тармагын курууну активдүү жүргүзүүдө. Бул 30 жылдын аралыгында СССР ыдырагандан бери Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоо тутумун жаңылоодогу биринчи масштабдуу долбоор. 

Азыркы учурда, реконструкциялоо тилкесинде 930 метр траншея казылып, бетон каналдарын орнотуу иштери аткарылды. Магистралдык тармактын узундугу бир чакырымды түзөт, үч өткөргүч түтүктүн диаметри 920 мм. Магистралдык жылуулук тармакты реконструкциялоонун бирден бир максаты - шаардын түштүк бөлүгүн ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу. Түштүк райондогу 450 көп батирлүү турак жайлар же 70 миң батир жана 29 социалдык объекттерге ысык суу жана жылуулук жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт. 

Белгилей кетсек, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердигинде Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыздоо системасын жакшыртуу үчүн энергетика секторуна биринчи жолу насыя каражаттары бөлүнүп жатат.