Жаңылыктар
Милицияны карасанатай кызматкерлерден тазалоо тапшырмасы берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Милицияны карасанатай кызматкерлерден тазалоо тапшырмасы берилди

Ички иштер министрлиги уюштуруу жана кадрдык чечимдер топтомун кабыл алып, катарын карасанатай кызматкерлерден тазалашы керек. Мындай тапшырманы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн кеңешмеде берди. Өкмөт башчы Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда коомдо кызуу талкууну жараткан жана жарандардын адилеттүү сын-пикирлерине кабылган окуяларга байланыштуу тынчсызданууну билдирди. 

«Мамлекет милицияны каржылоону жана техникалык жабдууну жакшыртууга, жаңы инновациялык чечимдерди киргизүүгө аракеттенүүдө. Бирок милицияга карата жарандардын ишенимин кайтаруу жана бүгүнкү жагдайды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдары көп иштерди аткарууга тийиш. Ички иштер органдарынын ыйгарым укуктуу милиция кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кылмыштар тууралуу билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу шарттарын түзүү үчүн Кайгуул милициясы түзүлгөн. Коомдук жайларда кылмыштарды ачыктоонун заманбап технологиялары киргизилүүдө. Видеобайкоо камераларынын жардамы менен көптөгөн кылмыштар аныкталып жатканын биз көрүп жатабыз. Мындай шарттар милициянын катарында карасанатай жана кесипкөй эмес, кылмыштарды жаап-жашырган айрым адистердин болушун чектейт. Алар реформаны илгерилетүүгө тоскоол болушууда, аларга карата эң катуу чаралар көрүлүшү керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Өкмөт башчы ошондой эле, укук коргоо тутумунда кызматкерлерди ак ниет жана чынчыл иштөөгө, мыйзамды карманууга жана адам укуктарын катуу сактоого дем берген чечимдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.