Жаңылыктар
Көчмөндөрдүн көөнө оюндары
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөрдүн көөнө оюндары

Кыргызстан улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн алдында турат. Иш-чарага даярдыктар кызуу жүрүп жаткан кез. Анда "Манас" атабыздан бери келе жаткан байыркы оюндардын сегиз түрү ойнолот. Бул көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, алыш жана кыргыз күрөшү, салбуурун, тогуз коргоол менен ордо оюндары. 

Алмаз Базарбаев Улуттук көчмөндөр оюндарында ойнолуучу Көк-Бөрүгө өзүнөн да биринчи “Огонек” каймана аттуу 11 жашар аргымагын даярдап жаткан учуру. Ата-бабасы улакка түшүп, жаштайынан жылкы баласына жакын өскөн Алмаз аргымагына күнүнө эки маал келет. Жем, чөбүн, суусун берип, табында кармап турган улакчы тайпасына намысты алып берем деп турат.

Ат жабдылып болгон соң, Команданын жигиттери талааны көздөй бет алат. Аргымактарды таптап, баралына келтирүү машакаттуу иш. Мындан улам мындай машыгуу күнүнө эки жолу кайталанат. Бул атты табына келтирүүнүн ыкмасы.

Бишкектин курама командасы үч тайпадан тандалып алынган мыкты улакчылардан турат. Таластагы улуттук көчмөндөр оюндары ачылгандан кийин көк бөрү боюнча таймаш өтөт. Ага 9 команда катышат. Бул 7 облус жана Бишкек менен Ош шаарынын тайпалары. Муну менен бирге ат чабыш менен эр эңиш боюнча да мелдештер өткөрүлөт.

Ордо - кыргыздын байыркы улуттук оюну. Оюндун аталышы хандын ордосу дегенди туюндурат. Себеби ордонун эрежесинде саясий, согуш тактикалары камтылган. 68 чүкө жана бир хан чүкө болот. Ордо-аянты тапталган, тегиз жерге даярдалат. Жалаң тандалма чүкө жана томпой менен ойнолот. Ордодо чүкөнү төрт ыкма менен атса болот. Кадамак, тоорумак, чалбай атуу жана чертүү. Ордону 7 адамдан турган эки тайпа ойнойт жана 1,5 сааттык убакыт чегерилет.

Көчмөндөрдүн жашоо-шартына, кулк-мүнөзүнө шайкеш келген оюндар көрөрмандардын кызыгуусун жаратканы менен өзгөчөлүү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук оюндун сегиз түрү боюнча таймаштар өтөт. Бул эр эңиш, ордо, күрөштүн эки түрү, тогуз коргоол, көк-бөрү жана аламан байге.

Көргөндүн бүйүрүн кызыткан улуттук көчмөндөр оюндарынын ачылышына саналуу күндөр калды. Саамалыктын ачылыш аземи театрлаштырылган оюн-зоок, улуттук ыр дастандар, көргөзмө менен коштолуп, көптүн көңүлүнө толот. Негизги жана спорттук иш чаралар ат майданда, маданий иш чаралар болсо Манас ордо комплексинде өтөт.

Көчмөндөр аш-тойлордо, чоң саамалыкта оюн курган. Атадан балага өтүп келе жаткан ар бир оюндун өзүнө таандык болгон мааниси бар. Ар бир оюн эрежелери жана ыкмалары менен айырмаланат. Улуттук спорттун түрлөрүнүн кадыр-баркын арттыруу менен байыркы маданиятты сактап, жайылтууга мүмкүн-дейт Өлкө башчысы.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын байге фонду 2 миллион сомду түзөт. Көчмөндөр оюндары аркылуу улуттук маданият даңазаланып, көптөр көчмөн элдин көөнө турмушуна күбө болушат. Экинчи жагы этномаданиятты туризм аркылуу таанытууга зор мүмкүнчүлүк түзүлөт.