Жаңылыктар
Күбөлүгү жок балдар документтештирилет
Кыргызстан жаңылыктары
Күбөлүгү жок балдар документтештирилет

Өкмөт 2019-жылдын 31-декабрына чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды документтештирүү боюнча Улуттук кампанияны жүргүзөт. Бул иш-чаранын алкагында жарандар документти жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат. Бүгүнкү күндө 1200 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Өкмөт БУУнун балдар фонду менен биргеликте жүзөгө ашыра турган кампаниянын максаты - өлкөдө документи жок балдар болбошу керек.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын тизмеси түзүлдү. Мамлекеттик каттоо кызматы бул тизменин негизинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү даярдап, балдар жашаган аймактарга алып барып берет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери эл арасында балдардын документин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.