Жаңылыктар
Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даядык өз ыргагында
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даядык өз ыргагында

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык аяктап калды. Ат майданына баруучу 2 чакырымдай жол оңдолуп, жол жээктерине кечки жарыктандыруу орнотулууда. Ал эми жергиликтүү тургундар айлана-чөйрөнү иретке келтирүү менен алек.

Бул жолдун жээги Суусамыр-Талас -Тараз чоң жолунун Талас шаары менен Манас Ордо улуттук комплексинин ортосунда жайгашкан айылдардын бирине караштуу. Мында жол жээгин таштандылардан арылтып, тазалоо милдети Талас райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын эмгек жамаатына берилген. Андыктан бул тилкеде жума сайын ишембилик өтүп жатат. Негизги максат- улуттук көчмөндөр оюунуна сырттан агылып келген конокторго эң ириде көзгө урунчу жол жээктерин тазалап, жергиликтүү калктын тирилик көрөңгөсүн жакшы көрсөтүп, конокторго жагымдуу маанай түзүү.

Мындай аракет Таластын айрыкча Өтмөк ашуусунан түшкөндөн тартып, Талас шаарына чейинки аралыгында тынымсыз жүрүп жатат. Бул айылдарда айрыкча, тазалык, ырааттуулук талап кылынууда.

Ал эми бул жер Манас Ордо Улуттук комплексинин кире бериши. Ушундан тартып оң тарабы шыпаакана, түлөөканага чейинки жол, сол жактан ат майданга чейинки жол толук асфальтталып аяктады.

Манас Ордонун ат майданында да даярдык кызуу жүрүүдө. Учурда мында скважина казылып жатат. Суу чыккандан кийин 10 чакты куур орнотулат. Ал үчүн миң метрден ашуун суу түтүктөрү жаткырылат.

Ат майданда электр энергиясын тартуу да колго алынган. Зым карагайлар орнотулуп, жарыктандыруунун акыркы аракеттери жүрүүдө. Дал ушул жерде Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары өтөт. Мында кыркаар тарткан бозүйлөрү менен этношаарча орун алат. Архитектура адистери бул аймакка атайын таблолорду орнотушат. Ошол таблого ылайык республиканын башка райондорундагы келген бозүйлөр өз ордуларын таап үйлөрүн тигип, коно беришет.

Бул жол Талас шаарына киргенден тартып шаардык ат майданга чейин барчу жол. Мында 2 чакырымдан ашык жолго асфальт басылды. Шаардык ат майдандын ичиндеги курулуштар толук бүтсө, бул жолго асфальтты басуу аралыгы ат майдандын ичине карай уланат. Бул жерде да зым тиремелери орнотулуп, электр чырактары тагылууда. Айтор негизги жолдордо тазалык кызматынан тартып, жол куруучулар, энергетиктер, көрктөндүрүү жамааттары тынымсыз иштөөдө.

Ал эми курулуштун эң эле олуттуусу Талас шаардык ат майданында жүрүүдө. 40 жыл мурун курулуп, андан бери каралбай калган ат майдан Улуттук көчмөндөр оюндарынын илеби менен быйыл көркүнө чыгууда. Көрүүчүлөр үчүн орундуктар орнотулуучу тилке курулуп, ат чабыш үчүн чуркоочу жол салынып бүттү. Ортодогу көк бөрү тартчу аянт тегизделип жатат. Мындагы көрүнүктүү ири курулуштар тендерден уткан атайын ишканалар тарабынан курулуп жатат. Ал эми башка майда -барат жумуштарына Таластагы ар бир райондун тийиштүү ишканалары өз техникалары менен жапырт жардамга чыгып, ишти бир топ арбытып жатышат.

Спорттук оюндардын айрымдары Талас шаарынын батыш тарабындагы "Газпром" спорт комплексинде өтөт. Андыктан Талас шаарынан чыгып, жаңы конушка жалганып турган 2 чакырымдан ашык жол асфальтталды.

Ири иш-чарага чет өлкөлүк коноктордун да келиши күтүлүүдө. Андыктан конок үйлөр да даярдыгын көрүп жаткан кез.

Учурда Талас шаарындагы облустук администрациянын сырткы келбети толук жаңыртылды. Андан тышкары, борбордук аянттагы мамлекеттик туунун негизи толук жаңыртылды. Талас шаарынын ичиндеги борбордук көчөлөрдүн бири Ломоносов көчөсү, Бердике баатыр көчөсүнөн 1-май көчөсүнө чейинки аралыгы асфальтталып жатат. Бул алгачкы ирет өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүүгө болгон аракет.