Жаңылыктар
Окуучулардын коопсуздугун алдын алуу жаатында кандай иштер жүргүзүлүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Окуучулардын коопсуздугун алдын алуу жаатында кандай иштер жүргүзүлүүдө?

Балдардын өмүрү баарынан кымбат. Жаңы окуу жылынын башталышы менен жол коопсуздугунун көзөмөлүн камсыз кылуу башкармалыгы ыктыярчылар менен бирге жол жээгинде туруп мектеп окуучуларын жана айдоочуларды жол эрежесинин тартибин сактоого чакырууда. Окуучулардын коопсуздугун алдын алуу жаатында жүргүзүлуп жаткан иштер

Дал ушул унаа менен 18 жаштагы айдоочу балдар менен бара жаткан аялды коюп кетип, из жашырган. Окуя 4-сентябрь күнү Бишкектин Ак-Босого конушунда болгон. 6 жашар бала кырсыктын курмандыгына айланды. Качып кеткен айдоочу кармалып, иши тергөөдө.

Окуу мезгили башталганда эле 20 чакты өспүрүм жол кырсыгына туш болду. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы талдоо жүргүзүп, бул балдардын көбү унаа ичинде кырсыкка учураганын көрсөткөн. Ошондой эле, улуу муундагы адамдар өзүнүн жүрүм-туруму аркылуу жаштарга туура эмес тарбия бере турганын аныктаган.

Ал ортодо ата-энелер балдарына мектепке ташыганда же үйдөн болобу жол эрежелерин үйрөтө турганын жана айдоочулар унааны абайлап башкаруусу зарыл экенин белгиледи.

Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо багытында бир катар иштер жүрүп жатат. Мисалы, эл аралык уюмдун колдоосу менен түзүлгөн ыктыярчылар күн сайын билим берүү мекемелеринин алдына келип окуучуларды жолдон өткөрүп, коопсуздук чараларын түшүндүрүшүүдө. Бул иш-чарага өлкө боюнча 250 ыктыярчы тартылган.

Ал эми жол коопсуздугун көзөмөлгө алган кызматкерлер окуучуларга ар дайым жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабактарды өтүп турат.

Бирок чоң адамдар өзүлөрү көп кемчиликтерди кетирет. Мисалы, жолду тетири кесип өтүп же болбосо унаасын туура эмес жерге токтотуп, жаш муунга үлгү боло алышпайт. Акыл эси калыптанып келе жаткан өспүрүмдөр көргөнүн кабыл алат. Эң эле коркунучтуусу, айдоочулар жол эрежесин сактабай, кырсыктан жаш балдардын өмүрү кыйылган учурлар кездешет.