Жаңылыктар
Аймактардагы долбоорлорду колдоого каражат бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактардагы долбоорлорду колдоого каражат бөлүндү

Аймактардагы долбоорлорду ишке ашырууга 222 млн. сом бөлүндү. Каржы министрлиги билдиргендей, бул каражат республикалык бюджеттен каралып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 195 долбооруна "Дем берүүчү гранттар" беренеси боюнча бөлүндү. Долбоордун бири толугу менен бүткөрүлдү. Дем берүүчү грант өлкөнүн жети облусуна тең каралган. 

Белгилей кетсек, "Кыргызстандын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамында бул берене боюнча 600 миллион сом каралган.