Кыргызстанда 156 миңден ашуун адам жумушсуз. Бул эмгекке жарамдуу жарандардын 6,2 пайызын түзөт. Ошол эле учурда айрым тармактарда иш орундары бош турган учурлар жок эмес. шартта калкка маалыматты жеткирүү зарылчылыгы жаралат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмгек рыногунун маалымат тутумун ишке киргизүүдө.
Мурда жарандарды жумушка орноштуруу боюнча тиешелүү документтер кол менен толтурулса, эми жумушсуздардын маалымат базасы толугу менен санариптешкен.
Эмгек рыногунун маалымат тутуму - жумуш менен камсыз кылуу боюнча шаардык жана райондук кызматтардын ишин автоматташтырган компьютердик программа. Иши жоктор, бош орундар, жумуш берүүчүлөр жана министрликтин баардык маалыматтары катталгандан кийин документти электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүндүк болот.
Жаңы киргизилген маалымат тутумун натыйжалуу пайдалануу үчүн адистер даяр болушу керек. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жер-жерлердеги кызматкерлер окутулганын билдирүүдө.
Быйылкы жылдын июнь айына карата алынган маалыматка таянсак, Кыргызстанда 156 миңден ашуун адам жумушсуз. Бул экономикалык жактан активдүү же эмгекке жарамдуу жарандардын 6,2 пайызын түзөт.