Жаңылыктар
Салык төлөөчүлөр кезек күтпөй, ыңгайлуу жерден патент алса болот
Кыргызстан жаңылыктары
Салык төлөөчүлөр кезек күтпөй, ыңгайлуу жерден патент алса болот

Мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү өз жемишин бере баштады. Салык төлөөчүлөр мурдагыдай болуп салык органдарына чуркап, кезек күтүп, убара болбой өзүнө ыңгайлуу жерден патент алса болот. Кызмат санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасынын алкагында ишкерлер арасында Электрондук патентти жайылткан.



Интернет аркылуу электрондук патент алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт, ошондой эле, жарандар менен салык кызматкерлери ортосундагы түздөн-түз байланышты кыскартып, коррупциялык тобокелчиликти төмөндөтөт. Электрондук ыкманы пайдаланууга алгач катталуу зарыл.

Салык төлөөчүлөр түзүлгөн шартка карабай, кагаз жүзүндө патент алам деп жол арытып келишүүдө. Алар алдыда санариптик тейлөөнү өздөштүрүүгө ынтызарлыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, Салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тарта өлкө аймактарына электрондук түрдө патент берүүнү киргизген. Азыркы күнгө чейин 34 миңге чукул интернет аркылуу патент алуу катталган. Патент ишмердүүлүк жүргүзүү багытында алынып, ал үчүн салык төлөмдөрү бар.