Жаңылыктар
Батукаевге байланыштуу иш тергелип бүттү
Кыргызстан жаңылыктары
Батукаевге байланыштуу иш тергелип бүттү

Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Ички иштер министрлиги билдиргендей, учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. 

Сотко чейинки өндүрүштө тергелип, аяктаган кылмыш иши жакын арада Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.