Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароо улантылды. Кезектеги отурумда судья Кубанычбек Касымбеков айыпталуучулардын бөгөт чарасын кароо зарыл экенин белгиледи.
Прокурорлор абак мөөнөтүн узартууну суранса, жактоочулар бошотуу жөнүндө өтүнүч киргизишти. Сот эки тараптын сунуштарын карап чыгып, экс-мэрлердин абактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан чечимин чыгарды.
Эске салсак, Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталууда. Ибраимовго Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. Бул соттук жараянда жалпы 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат.