Жаңылыктар
Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечими күчүндө калды
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечими күчүндө калды

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын карады. 

Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырган чечимин күчүндө калтырды. Ушул эле күнү Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча арызы каралып, сот аны да канааттандырган жок. 20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. 

Ошол эле күнү ошол эле сотто Алмазбек Атамбаевди 26-октябрга чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыккан. Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура ага бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.