Жаңылыктар
Сот реформасындагы санариптештирүү
Кыргызстан жаңылыктары
Сот реформасындагы санариптештирүү

Сот процесстеринин жүрүшүн толугу менен санарипке өткөрүп, электрондук ыкмада иш алып баруу өлкөдөгү сот реформасынын негизги максаттарынын бири болгон.

Азыркы учурда санариптештирүүнүн алкагында жарандардын арызын электрондук түрдө кабыл алып, өндүрүшкө алынган иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү, аны менен катар сот отурумдарын аудио, видео тасмага түшүрүү тажрыйбалары бардык инстанциядагы соттордо колдонулууда. Ал жарандар үчүн жана сот кызматкерлерине кандай жеңилдиктерди берди?

Мындан бир жыл мурда сотко келген арыздар кагаз түрүндө кабыл алынчу. Жыл башынан бери автоматтык маалыматтык тутум ишке киргени, мурдагыдай өндүрүш башталгандан өкүм чыкканга чейинки кат-каттап кагаз ташымай токтоду.

Кемин райондук сотунун аппаратынын бөлүм башчысы Динара Сүйөркулова, компьютерге киргизилген маалыматтарды иштеп чыгуу, аны көзөмөлдөө иштеринин бардыгы жеңилдегенин белгиледи.