Парламент депутаттары кезектеги жетинчи сессиянын алгачкы жалпы отурумуна чогулду. Алдыда эл өкүлдөрү калктын көйгөйлүү делген маселелерин талкуулайт. Күн тартибинде бюджетти бекитүү, шайлоо мыйзамдарына кирип жаткан өзгөртүү жана толуктоолор, кышка болгон даярдыктар сыяктуу орчундуу маселелерди карайт.
Төрага Дастанбек Жумабеков Өкмөт аппаратынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген Алмасбек Абытов Өкмөттүн Парламенттеги туруктуу өкүлү болуп дайындалганын маалымдады. Эске сала кетсек бул кызматты көп жылдан бери аркалап келген Ашырбек Темирбаев эки ай мурда ооруканада көз жумган. Алмазбек Абытов да өкмөт менен Жогорку Кенеште ар кандай тепкичтеги кызматтарда эмгектенип келген, министр 5-чакырылыштын депутаты да болгон.