Жаңылыктар
Унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд өттү

2-сентябрдан баштап Мамлекеттик салык кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейдке чыкты. 

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун аймагындагы текшерүүдө бир саат ичинде 20дан ашык унаа токтотулуп, анын экөөнө айып пул салынды. Салык кызматкерлери бул былтыркы жылга салыштырмалуу жакшы көрсөткүч экенин билдиришти. Салык кызматы буга чейин айдоочуларга салыктарды өз убагында төлөөнү эскерткен.