Биз кыргыздар кыргызча сүйлөшөлү
Эне тилин билбегенди сүрдөтөлү
Кылымдарды карыткан тилибизди
Башкага да кызыктырып үйрөтөлү
Дал ушундай эне тилдин кадырын даңктаган ыр эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына арналган иш-чарада жаңырды. Ыр уккан адамдын мекенчил сезимин күчтөнтүп, жалпы сүймөнчүлүккө ээ болду. Чыгарма ырчы Нурлан Насипке таандык. Ал эми сөзүн акын Кудурет Тайчабаров жазган.
Ырчы өз деңгээлине жеткириш үчүн чыгарма үстүндө бир жыл иштеп, мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына арнаган. Максаты жалпы элге сиңимдүү болуп, өз таасирин тийгизүү. Мекенчил ырчы ар бир жаран өз элине, жерине жана эне тилине күйүмдүү болуп, келечегин ойлоосу кажет деп эсептейт.
Мындай салмактуу, маани-маңыздуу ырлар коомчулукту өз жерин сүйүүгө тарбиялайт. Коомдун аң-сезиминдеги туура эместиктерди жоюуда мындай чыгармалардын мааниси зор. Бул жерде күндөн-күнгө замандын өнүгүүсүнө ылайык өзгөрүп бараткан жеңил-желпи ырлар маселеси да жок эмес. Алардын мазмуну, коомчулукту кандай нукка тарбиялап жаткандыгы өзүнчө маселе.
Жазуучу Асан Жакшылыковдун пикиринде адам эне тилин унутпай, барктаганда гана өнүгүп, башка элден обочолоно алат жана дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук бере алат. Анткени, тил улуттун улуттугун аныктайт.
Калаа тургундарынын айтымында, келечек ээси болгон балдарыбызга эне тилди аздектөөгө, мекенди сүйүүгө үйрөтүү керек. Байыркы элдин, Борбордук Азиядагы күчтүү этностун бай тили, азыркы учурдагы көз карандысыз өлкөнүн өзөгүн түзгөн мамлекеттик тилдин тарыхта өз орду бар.