Жаңылыктар
Кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган чет элдик жарандар көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган чет элдик жарандар көбөйүүдө

Кыргыз тилине кызыгып, үйрөнүүнү каалаган чет элдик жарандардын саны көбөйүүдө. Кыргызстанга келген чет өлкөлүк ыктыярчылар мамлекеттик тилди кыска убакытта үйрөнүп алышууда. Бай жана кызыктуу кыргыз тилинин баалуулугу туурасында кабарчбыз айтып берет. Кыргыз тилинде эркин ырдап, так сүйлөп салам жолдогон Африканын жараны сыяктуу улуттун зор байлыгы болгон мамлекеттик тилибизге кызыккан чет элдик атуулдардын саны көбөйүүдө.

Тил — улуттун байлыгы, көөнөрбөс мурасы. Мамлекеттик тилди урматтап, Кыргызстанда жашаган көп улуттуу элдин өкүлдөрү мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, "киргиздерге" үлгү болорлук жайы да бар. Орус улутундагы кичинекей Влад кыргыз элин эле эмес, тилин да өзгөчө жакшы көрөөрүн айтат.

Тилди үйрөнүү ар бир адамдын аракетине, эркине, эмгегине жараша болот. Канчалык көп тил билсең ошончолук кеңейип, тереңдейсин. Кызыккан кыялыңа, көздөгөн максатыңа жетүү үчүн сөзсүз түрдө чымырканган эмгек керек. Улуттардын арасындагы байланыштын, пикир алышуунун куралы - тил. Ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт.

Кыргыздар кара сөз менен сүйлөп жатса да, ырдап жаткандай угулат, - деп бекеринен айтылбайт. Ушул байлыгыбыз болгон кыргыз тилинин жатыктыгын, кооздугун ачып берүүгө далалат кылыш керек. Жаштарыбыз китептерди, көркөм адабияттарды көп окуп, сөз байлыгын өстүрсө, эне тилин мыкты билишсе деген тилектер айтылды.
Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили - мамлекеттик тил, ал эми орус тили - расмий тил катары жарыяланган. Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын берилиши - коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу десек болот.