Жаңылыктар
Санариптештирүүнүн алкагында электрондук каттоо кызматы ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптештирүүнүн алкагында  электрондук каттоо кызматы ишке кирди

Өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Юстиция министрлиги маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик кызматы менен биргеликте юридикалык жактарды жана өкүлчүлүктөрдү электрондук каттоону киргизди. Бул өз кезегинде мекеме тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрөт. Аны алгач Бишкек менен Чүй облусунда ишке ашыруу максат кылынууда.

Эң негизгиси, каттоого 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт, атайын ридер жана интернетке кошулуу зарыл. Юридикалык компаниянын кызматкеринин айтымында, мамлекеттик органдарда юридикалык жактарды каттоо жана жоюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу компаниялардын ишин тездетет. Тилекке каршы, эски үлгүдөгү паспорт менен электрондук катталууга болбойт. Анткени биометрикалык паспортто электрондук кол тамга бар.

Эгерде өтүнмө ээси аталган тизмеде турган болсо, анда ага берилбейт. Белгилей кетсек, бул этапта юридикалык жактарга уюмду алгачкы каттоо гана жеткиликтүү. Белгилей кетсек, долбоор "Инфосистема" мамлекеттик уюму менен маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин макулдашуунун негизинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды. Электрондук кызмат учурда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында сыноо иретинде иштеп жатат, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылат.