Ош шаарында короосу, үйдүн кире бериши күн энергиясы менен жарыктандырыла турган ипотекалык турак жайдын курулушу башталды. Үй 80 батирлүү болот, 9 кабаттан туруп, жер төлөсүндө унаа токтотмосу жайгашат. Тендердик баасы 166 млн. 850 миң сом.
2021-жылы пайдаланууга берилет. Программа июнь окуясында жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдөн арткан батирлерди сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен ишке ашырылууда.
Батирдин чарчы метри 320 доллар, жылдык пайыздык үстөгү 6% болоору айтылды. Аны Ош шаарында каттоодо турган, турак жайы жок тургундар менен мамлекеттик кызматкерлер ала алышат. Үйдү бөлүштүрүү жана берүү боюнча атайын комиссия түзүлөт.