Жаңылыктар
Мектептерде биринчи коңгуроо кагылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерде биринчи коңгуроо кагылды

Борбордун №28 мектеп-лицейинде 200дөн ашуун биринчи класстын балдарына биринчи коңгуроо кагылды. Мурдагы жылга салыштырмалуу быйыл окуучулардын саны арбын. Лицейде жаңы эксперименталдык билингвалдык класс ачылып, анда окутуу эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде өтөт.

Күздүн алгачкы күнү, биринчи мугалим, биринчи коңгуроо жана жаңы достор - кичинекей Бакдөөлөт үчүн абдан маанилуу жана эсте калаарлык күн болду. Анткени бул күндү ал чыдамсыздык менен куткөн. Өзүнө тың жана лидерлик сапаттарга ээ болгон Бакдөөлөт биринчи сабакта эле активдүүлүгүн көрсөттү. №28 мектеп-лицейинде жаңы долбоор башталды. Анын алкагында эксперименталдык класстар ачылып, анда окуучуларга кыргыз жана орус тилдеринде сабактар өтүлөт. Бакдөөлөт Камильев окуп аткан 1 -”Д” классында дал ушул билингвалдык окутуулар болот.

Бул мектеп-лицейде жалпысынан 1080 окуучу билим алат. Быйыл биринчи класстын окуучуларынын саны көп болгондуктан, кошумча дагы класстар ачылып, эми ар бир класста 45тен окуучу окуйт. Жаңы окуу жылында 156миң окуучу биринчи класска барды. Баардык мектептерде салтанаттуу майрамдык иш-чаралар өттү.