Жаңы окуу жылына карата Ош облусундагы 540 мектеп өз каалгасын ачты. Анын алтоосу жаңыдан пайдаланууга берилди. Жогорку окуу жайын жаңы аяктаган 500дөй педагог жумуш менен камсыз болду. 21 миңдей жеткинчек 1-класстын босогосун аттады.
Майрамдык шаң таң эртелеп башталган. Жаңы конушка алгачкы ирет түшкөн мектептин ачылыш салтанатына айылдын жашы-карысы дебей баары келген. Бул күндү Асел да чыдамсыздык менен күттү. Жаш мугалимге, билим уясындагы заманбап шарт эки эселенген кубаныч тартуулады.
Мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Ага сарпталган 160 млн сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. 720 балага ылайыкташкан мектеп 3 кабаттан турат. Жаңы мектепте кесиптик шыктарга тарбиялоочу эмгек бөлмөсү, дене чыңдоочу заманбап спорттук зал, ошондой эле, бир учурда 160 бала тамактанчу ашкана да бар. Ар бир каана интерактивдүү тактайча, интернет менен камсыздалган . Балдардын ден соолугун көзөмөлдөп туруучу медициналык бөлмө иштеп баштады.