Жаңылыктар
1-сентябрга карата өлкө боюнча 14 жаңы мектеп ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
1-сентябрга карата өлкө боюнча 14 жаңы мектеп ишке кирди

Бул тууралуу Турак жай-жарандык департаменти билдирди. Билим берүү министрлиги болсо бул көрсөткүч дагы мамлекеттеги мектеп тартыштыгы көйгөйүн чечпээрин белгилейт. Балдардын саны жыл сайын көбөйүп, Бишкекте мектеп жетишсиздик көрүнүшү курч турат.

Чүй облусунун Норус айылынын окуучулары үчүн бүгүн чоң майрам. Биринчиден, коңгуроо кагылып, окуу жылы башталса, экинчиден, окуучулар жаңы курулган мектептин босогосун атташты. 

Норус айылындагы жаңы мектептин курулушу 2015-жылы башталып, 160 орунга белгиленген. Бюджеттен 22 млн сом сарпталды. Жаңы окуу жайдын ачылуу аземине катышкан Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында өкмөт өсүп келаткан муундун билимдүү болушуна салымын аябайт. 

2019-жылы өлкө боюнча 62 окуу жайын пайдаланууга берүү белгиленген. Бул максатта республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом акча бөлүнгөн. 1-сентябрь, окуу жылына карата 15 жаңы мектеп ишке кирди. Жыл аягына чейин дагы 47 имарат бүткөрүлүшү керек. Бул үчүн бюджеттен кошумча 137 млн сом талап кылынууда. 

Соңку жылдары аймактарда мектептерди куруу иштери жанданып, таңсыктык көйгөйү четинен чечиле баштады. Ал эми Бишкекте абал курч бойдон. Жылдан жылга балдардын саны өсүп, класстарга батпай мектептер 1 эмес, 2-3 нөөмөттө окуп келет. 

Бишкек шаары - калктын өсүшү жагынан да, миграциялык көрсөткүчтөр боюнча да өлкө боюнча биринчи орунда турат. Соңку 5 жылда окуучулардын саны 20 пайызга көбөйгөн. Маселени чечүүнүн жолу катары жогорку жетекчилик коррупция менен күрөштөн кайтарылган акчанын баарын жаңы окуу жайларды курууга жумшоону демилгеледи. 

Бирдиктүү депозит эсеби 2018-жылы июнь айында ачылган. Кыргызстандын күч структуралары Коррупцияга каршы күрөштүн негизинде мамлекетке кайтарылган акчаны бул эсепке которушат. Соңку маалыматка караганда азыркы күндө Бирдиктүү депозиттик эсепте 228 млн сом бар. Ал эми Бишкектеги мектеп тартыштык маселесин жарым-жартылай чечүү үчүн жок дегенде 800 млн сом талап кылынат.