Жаңылыктар
Билим берүү тармагын жакшыртуу - өкмөттүн артыкчылыктуу багыты
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү тармагын жакшыртуу - өкмөттүн артыкчылыктуу багыты

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунда жаңы салынган 2 мектептин ачылыш салтанатында билдирди. Өкмөт башчы билим берүү тармагын колдоо - келечекке камкордук - деп билдирди дейт. Бир колдо гүлдесте, биринде шар. Ал эми уурттарында жылмаю. Москва районунун Мураке айылындагы окуучулардын маанайы мына ушундай. Анткени айылдыктар бул күндү 25 жылдан бери күтүп келген. 

Билим берүү тармагын колдоо - бул өлкөнүн өнүгүүсүнө карата тандалган туура кадам. Мындай пикирин билдирген Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - агартуу тармагын жакшыртуу Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынан, анктени билимдүү коом - өлкөнүн эртеңки күрөө-тамыры, -деди. 

Келечекке үмүттүү, ишенимдүү караган Панфилов районунун Букара айылындагы балдардын дагы кубанычтуу маанайына Премьер-министр күбө болду. 1992-жылдан бери курулушу бүтпөй келе жаткан билим уясы, эми минтип окуучуларга эшигин ачууда. Жаңы мектептин ачылышы - балдарга келечектин эшиги ачылган дегенди туюндурат-деди өкмөт башчы.