Окуучуларды билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен Президент Сооронбай Жээнбеков куттуктады. Өлкө башчысы Бишкек шаарындагы жаңы ачылган "Газпром Кыргызстан" мектебиндеги салтанатка катышты.
Өлкө башчысы ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы кыргыз-россиялык биргелешкен алгачкы ири долбоор экенин белгилеп, бул өңдүү мектептер өлкөнүн башка аймактарында да көбөйө берет деген үмүтүн билдирди.