Жаңылыктар
Мектеп окуучуларынын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Мектеп окуучуларынын саны көбөйүүдө

Өлкөдө мектепке барган окуучулардын саны артууда. Улуттук статистика комитети акыркы 4 жыл аралыгында бала бакча жана жалпы билим берүү мекемелерине канча бала барганын анализдеп чыкты.

2014-жыл менен салыштырганда өлкөдө бакчага барган балдардын саны 1,3 эсеге өскөн. Алардын саны 2018-жылы 197 миңден ашкан. Ал эми мектепке баргандар беш жылда 21% көбөйгөн. Кесиптик билим берүү уюмдарында окугандардын саны да жазылган.

Былтыр республикада 98 кесиптик билим берүү уюму иштеп, ал жакта 30 миңге жакын адам билим алган. Жыл сайын мындай лицейлерди тогуз миңге чукул бүтүрүүчү аяктап, ал жактан орто билими тууралуу да аттестат алышат.

Акыркы жылдары электромонтажник, автомеханик, электр газ менен ширетүүчү, кийим тигүүчү, айдоочу, слесарь, жыгач уста, ашпозчу, бухгалтер, улуттук буюмдарды даярдоочу кесипке кызыккандар көбөйдү.