Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Кар жаап, суук болот
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! Кар жаап, суук болот

Синоптиктердин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. 3-4-сентябрда кээ бир райондордо жамгыр жаайт.

5-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз жана 7-сентябрда кээ бир райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы төмөндөйт.