Бишкекке Кытайдын бажы башкармалыгынын кызматкерлери келип, 7-сентябрга чейин малдын шарп илдети боюнча абал менен таанышат. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан кабарлашты.
Кытайлык адистер Кыргызстанда мал толугу менен шарп илдетинен арылган деген бүтүм чыгарса, анда Кытайга тирүү мал, эт жана эт азыктарын экспорттоо боюнча чектөө алып салынып, жаңы келишимдер түзүлөт.
Белгилей кетсек, 2007-жылдын июль айында Чүй жана Баткен облустарында малдан шарп илдети табылып, Казакстан эт киргизүүгө тыюу салган. Ошондон бери Кыргызстандан тирүү мал жана эт экспорттоо арсар абалда турат.