Жаңылыктар
Коррупциядан түшкөн каражаттардын депозитине дагы 31 милилон сом которулду
Кыргызстан жаңылыктары
 Коррупциядан түшкөн каражаттардын депозитине дагы 31 милилон сом которулду

Коррупциядан түшкөн каражаттар чогула турган бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 31 млн сом которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

2018-жылы Каржы министрлигинде түзүлгөн эсепке коррупциядан түшкөн каражаттарды кайтаруу багытында 272 млн 815 миң сом келип түшкөн. Эске салсак, мамлекет башчы коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка Чүй облусундагы жана Бишкек, Ош шаарларындагы мектептерде 15 жаңы корпустар курула турганын билдирген. 

Жума башында Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун Орок айылынын орто мектебине жана Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясына кошумча имараттардын пайдубалын түптөөгө катышкан.