2020-жылы Жеңиштин 75 жылдыгына карата, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ржев шаарында ири салгылашка катышкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арналып эстелик ачылат. Ага чейин аймакка эстелик таш орнотулду.
Ржев шаарындагы Тынчтык жана достук сейил багында, тарыхый салгылашта курман болгон кыргыз аскерлеринин элесине арналып эстелик орнотула турган жерде, эстелик ташынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Монументти орнотуу демилгесин Кыргызстандын Россиядагы эмгек мигранттарын колдоо боюнча фонд көтөргөн. Ачылыш аземине шаар тургундары, Жогорку Кеңештин депутаттары,Кыргызстандын Россиядагы элчиси жана Ржев шаарынын жетекчилиги катышты.
Ржев шаары немистик аскерлер тарабынан 1941-жылдын 24-октябрында басып алынган. Шаар 1942-жылдын январь айынан 1943-жылдын март айлары арасында бошотулган. Ушул жерде аябагандай жан чыдагыс, кандуу салгылаш жүрүп, дайынсыз жоголгондор, туткунга түшкөндөр жана каза болгондордун саны 400 миңге жеткен. Жарадар болгондор жана жалпы каза болгондордун саны, ар кандай изилдөөлөргө ылайык 1 миллион 300 миңге чамалайт.