Транспорттун салыгын төлөөгө саналуу күндөр калды. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин салык төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд башталат. Жеке жактардан миң сом алынса, юридикалык жактар 5 миң сомго чейин төлөйт.
Салыкты төлөө убактысы бир күнгө узартылып, 2-сентябрда аяктай турган болду. Салык төлөө суммасын айдоочулар, унаанын чыккан жылын жана анын кыймылдаткыч күчүн жазып интернет булактары аркылуу төлөнүүчү каражаттын канча сом экенин билип алса болот.