Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция иши боюнча соттук териштирүүдө айыпталуучулардын жактоочулары дагы ондогон адамдарды суракка чакыруу зарыл экенин билдиришти.
Өтүнүчтө белгиленгендей, суракка Алмазбек Атамбаевди, Жоомарт Оторбаевди, Олег Панкратовду, Дүйшенбек Зилалиевди, Токон Мамытовду, Өмүрбек Текебаевди, Улан Примовду, Ахматбек Келдибековду, Евгения Барыкинаны, Абдыкалык Рустамовду, Алымбек Эргешовду, Льев Васильевди жана Сагынбек Дордоевди чакыруу керек.
Бул адамдар ЖЭБди модернизациялоодо подряддык компания менен келишимге кол коюу учурунда тиешелүү мамлекеттик мекемелерди жетектеп, бул иш боюнча жыйындарды өткөрүп, депутаттык комиссиянын иши менен тааныш болушкан. Бирок, мамлекеттик айыптоочулар Атамбаевге ЖЭБдин модернизациясындагы коррупция иши боюнча айыпталуучу катары маалымдама берилгенин, андыктан күбө катары сурак бере албайт деп белгилешти.
Судья өтүнүчтү жарым жартылай канааттандырып, Атамбаев, Текебаев жана Зилалиевди суракка чакырууга жатпай турганын, ал эми калгандарынын бардыгын көрсөтмө берүүгө чакыруу чечимин чыгарды.