Баткендин Кадамжай районунда Ак-Корум - Кереге-Таш ирригациялык каналын куруу боюнча социалдык маанилүү долбоорду демилге кылып жана аны ишке ашыргандыгы үчүн долбоордун автору, Кереге-Таш айылынын тургуну Мурзапаша Маматов Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык "Даңк" медалы менен сыйланды. Ушул эле жарлык менен Мурзапаша аксакалга долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн "Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы" коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыды.
Кадамжай районундагы Кереге-Таш айылынын 40ка жакын тургуну сегиз ай бою эмгектенип, ашар ыкмасы менен узундугу 7 чакырым 700 метрге жеткен каналды куруп бүткөрүштү. Мурдагы жылдын августунда баштаган ишти көгөрүп отуруп декабрь, январь айларын кошо иштеп, апрелде аякташкан. Дал ушул Ак-Корум - Кереге-Таш каналынын автору Мурзапаша Маматов аксакал. Ортодогу сайдын тереңдиги 24 метр төмөн болгонуна карабай, бир тоодон экинчи тоого сууну алып өтүп, кылымдардан бери суу чыкпаган 40 гектар жерге ашар ыкмасы менен суу чыгарды.
“Жабыла көтөргөн жүк жеңил” дегендей элдин күчү, деми менен иш бүтүп, Ак-Корум - Кереге-Таш каналы бүттү. Кереге-Таштыктар суу чыгарган күжүрмөн айылдаштары менен сыймыктанып жатышат. Каналды салганга укмуштуу бир заманбап техника, же кран жардам берген жок. Эки тоонун боору менен алып өткөн каналды салуу үчүн Кереге-Таштыктар жалаң кол күчү менен иштеди. Ал эми технология кадимки эле 8-класста өтчү физика китебинен алынган. Текшере келгенде канал кынтыксыз, жакшы жасалганы айгинеленди.
Мурзапаша аксакал быйыл жазда жергиликтүү өкмөт менен биргеликте айылдагы иштерман жигиттерге баш-көз болуп, узундугу 7 жарым чакырымга созулган экинчи бир каналдын курулушун баштаган. Аны буюрса суук түшкөнгө чейин колдонууга берем деп тынымсыз иштеп жаткан кези. Мурзапаша аксакалга Ак-Корум - Кереге-Таш каналын курууга көмөк көрсөткөн “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” коомдук бирикмеси. Анын жетекчиси Асуан Жакыпов Кореядагы өнөктөштөрүнө кайрылып, ашар жолу менен каналды бүтүрүүгө ынандыра алган. Корея тарап өз кезегинде каналга керектүү шаймандарды сатып алууга каражат бөлүп берген.
Элеттиктердин дал ушундай демилгелүү максаттарын ишке ашырууга “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” көптөн бери жардам берип келет. Кыргызстан менен Корея кызматташтыгында негизги ролду ойноп, аймактарды өнүктүрүү жылына салым кошкон көп демилгенин башында турган лидерлердин бири “Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы” бирикмесинин жетекчиси Асуан Жакыпов. Ал элет жеринен чыккан мыкты, тың чыкма жамааттардын лидерлерин чогултуп, Корея мамлекетине алып барып окутуп, тажрыйба алмаштырып келип жүрөт.
Азыр мунун натыйжасы катары Кыргызстандагы 30дан ашык айылда жамааттар өздөрү демилге көтөрүп, өкмөттөн жардам күтпөй эле өз маселесин өзү чечип жатышат. Арасында таза суу чыгарганы, бала бакча кургандары, көчөлөрүн оңдоп, жарыктандырып башка бир топ маселени чечкендери да бар. Мындан тышкары өнүгүү боюнча мыкты долбоор жазгандарга инвестор таап келип, көптөгөн сооптуу иштердин себепкери болуп калды.
Ошентип узак жылдар бою суу ичпеген 40 гектар жерге суу да чыкты. Кереге-Таштыктар бул жерди гүлзарга айлантып, түрдүү мөмө-жемиш бактарын тигип, мурда какыраган жерден түшүм алсак деген ниетте.