Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, саламаттык сактоону, калкты медициналык тейлөөнү жана медицина чөйрөсүндөгү кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө катышкандыгы үчүн саламаттык сактоо тармагынын чет өлкөлүк бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.
Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын «Кардиохирургия жана трансплантология илимий-клиникалык борбору» жоопкерчилиги чектелген шериктигинин директору, кардиохирург Сейтхан Джошибаев «Достук» ордени менен, ал эми «Даңк» медалы менен сыйланды.
Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Хэбэй медициналык университетинин Биринчи госпиталынын кардиотерапия кафедрасынын жана бөлүмүнүн башчысы Ван Чжэнь, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигинин «А. Н. Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы улуттук медициналык изилдөө борбору» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин туубаса жүрөк кемтиги менен туулган ымыркайларды жана бир жаштагы балдарды реконструктивдөө хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алексей Ким сыйланышты.
Ошондой эле, «Газпром» ачык акционердик коомунун 105-департаментинин башчысы Елена Михайлова жана ушул эле коомдун Социалдык демилгелерди колдоо фондунун башкы директору Владимир Приймак Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.