Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен аскердик милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн жана өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата бир катар аскер кызматчылары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.
Сыйлангандардын тизмеси:
Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын күжүрмөн даярдык башкармалыгынын башчысы Руслан Мукамбетов, Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн "Капчыгай" чек ара заставасынын башчысы Азат Мусуралиев "Даңк" медалы менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:
Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128-аскердик бөлүгүнүн батальонунун командири Айбек Аристокиев.
Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565-аскердик бөлүгүнүн радиолокациялык ротасынын командири Уларбек Белеков.
Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кадрлар башкармалыгынын начальниги Жаныбек Касманбетов.
Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626-аскердик бөлүгүнүн бронетанкалык кызматынын начальниги Рустам Садиков.
Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскердик бөлүгүнүн «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы Абылкасым Тайкара уулу КР Ардак грамотасы менен сыйланышты.