Жаңылыктар
Өлкөдө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык төлөөнүн мөөнөтү аяктап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык төлөөнүн мөөнөтү аяктап жатат

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык төлөөнүн мөөнөтү аяктап жатат. Сентябрь айынын 1инде унаага, ал эми 2-сентябрда турак жай салыгын төлөө соңуна чыгат. Салык кызматы бул аралыкта жарандарды салыкты төлөп калууга чакырат.



Өлкөдөгү салыкты төлөө жайларындагы абал дал ушундай. Бирөө унаасына, экинчиси турак жайына, үчүнчүсү жер салыгын, айрымдары болсо салыктын бардык түрүн төлөөдө.


1-сентябрда кыймылдуу, 2-сентябрда кыймылсыз мүлккө салык төлөөнүн убактысы соңуна чыгат. Жыл бою жүрүп, мөөнөт аяктап жатканда салык төлөйм деп салык жайларына келип, кезек күтүп ызы чуу жаратуу жыл сайын ушул убакта кайталанган көрүнүш. Быйыл кезектерди азайтуу үчүн салык кызматы кабыл алуу жайларын көбөйтүп, салыкты төлөө системасын жеңилдеткен.

Өлкөдө миллионго жакын унаа бар. Ал салыктын төртүнчү тобуна кирет жана мүлк салыгынын эң көбү унаалардан алынат. Кыймылдуу мүлктөн жылына 800 млн сомдон ашык салык чогултуу мерчемделген.