Жаңылыктар
Адвокат З.Жоошевдин интервьюсу боюнча башкы прокуратура билдирет
Кыргызстан жаңылыктары
Адвокат З.Жоошевдин интервьюсу боюнча башкы прокуратура билдирет

27-августта интернет булактарынын бирине адвокат З.Жоошевдин интервьюсу жарыяланып, анда УКМКнын 9-кызматынын эки кызматкери - мурдагы президент Атамбаевдин жан сакчылары Аскердик прокуратурага чакырылып, "адамдарды барымтага алган" деп айып коюуга коркутуулар болгондугу тууралуу жазылган. 

Башкы прокуратура билдиргендей, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында А.Атамбаевдин үйүндө 7-8-август күндөрү укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү жана аларды барымтага алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, куралчан каршылык көрсөтүү боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. 

Аскердик прокуратура сотко чейинки өндүрүш иштеринде ведомстволор аралык тергөө тобу менен биргеликте А.Атамбаевдин жан сакчыларынын ошол күнкү иштерге тиешеси бар же жок экендигине ар тараптуу, толук кандуу жана адилеттүү иликтөө жүргүзүү максатында тергөө чараларын улантууда. 

Мындан улам, З.Жоошевдин коомчулукта туура эмес пикир калтыра турган маанидеги дооматтары чындыкка дал келбейт. Бардык тергөө амалдары З.Жоошевдин катышуусунда жазык-процессуалдык мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Ал эми Жоошевдин Атамбаевдин жан сакчыларына карата болду делген 4 доосу анын жеке ою жана ал кардарынын кызыкчылыгын коргоодо. Ошондой эле, ал өзү азырынча тааныша элек материалдардын негизинде такталбаган маалыматтарды айтып жатат. Тергөө органдары тарабынан тыкыр иликтенип чыккан соң, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул ишке юридикалык баа берилет.