Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Үсөн Ниязбековду "Эрдик" медалы менен сыйлоо боюнча буйрукка кол койду.
Эскерте кетсек, Үсөн Ниязбеков 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү операциясында кызматын өтөө маалында каза болгон. Сыйлык өз милдеттерин эрдик менен аткаргандыгы үчүн ыйгарылды.
"Альфа" атайын топтун жетекчисинин орун басары, полковник Үсөн Ниязбеков 9-августта жерге берилген.